Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка» өткөрүү пункту 30-декабрда ишин убактылуу токтотот30-декабрь: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болотСалык жыйымдары рекорддук 389 млрд сомго жетти. МСК жыл жыйынтыгын чыгардыПрезиденттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынатКамчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалды
Энергетика министри: Быйыл Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан электр энергиясы аз өндүрүлөт
19.09.2025 | 10:53

Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгына байланыштуу 2025–2026-жылдардын кышы оор болот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу суу 1 млрд 600 млн куб метрге аз.
“2024-жылы 12 млрд 400 млн куб метр болгон, анда суу абдан аз деп катуу тынчсызданганбыз. Ал эми быйыл андан да аз. Бул деген электр энергиясы 1 млрд 600 млн киловаттка аз өндүрүлөт дегенди билдирет”, — деди министр.
Мындан улам ал ар бир керектөөчү электр энергиясын үнөмдөшү керектигин белгиледи. Ошондой эле Таалайбек Ибраев энергетикалык кризистен 2028-жылга чейин чыгуу пландалып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом