Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка» өткөрүү пункту 30-декабрда ишин убактылуу токтотот
30.12.2025 | 10:01
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде кыймыл убактылуу чектелерин маалымдайт.
2025-жылдын 30-декабрында саат 13:00дөн 15:00гө чейин «Чоң-Капка — унаа жолу» (Талас облусу) көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жарандарды жана унааларды өткөрүү толугу менен токтотулат. Пункттун убактылуу жабылышына техникалык иштерди жүргүзүү себеп болууда.
КР УКМКнын Чек ара кызматы жарандарга жана айдоочуларга каттамды алдын ала пландап, көрсөтүлгөн убакыт аралыгында чек арадан өтүү үчүн башка жакынкы өткөрүү пункттарын колдонууну сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом