Баткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырды
Энергетика министри: Быйыл Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан электр энергиясы аз өндүрүлөт
19.09.2025 | 10:53

Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгына байланыштуу 2025–2026-жылдардын кышы оор болот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу суу 1 млрд 600 млн куб метрге аз.
“2024-жылы 12 млрд 400 млн куб метр болгон, анда суу абдан аз деп катуу тынчсызданганбыз. Ал эми быйыл андан да аз. Бул деген электр энергиясы 1 млрд 600 млн киловаттка аз өндүрүлөт дегенди билдирет”, — деди министр.
Мындан улам ал ар бир керектөөчү электр энергиясын үнөмдөшү керектигин белгиледи. Ошондой эле Таалайбек Ибраев энергетикалык кризистен 2028-жылга чейин чыгуу пландалып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом