ИИМде «Белгисиз окуя» тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү

Ички иштер министрлигинде жаңы «Белгисиз окуя» аттуу психологиялык драманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Тасма ИИМдин колдоосу менен тартылган.
Иш-чарага министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, милициянын генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, журналисттер, блогерлер жана маданият ишмерлери катышты.

Көрсөтүүдө коомдук маанидеги социалдык маселелер көтөрүлүп, талкууга алынды. Октябрь Урмамбетов мындай долбоорлор коомчулуктун жоопкерчилигин арттырууга жана улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгилеп, тасманын жаратуучуларына ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын жыйынтыгында конокторго ИИМдин ыраазычылык каттары жана сыйлыктары тапшырылды.