Россияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилдиБишкек 2026-жылы жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алатКыргызстандын ооруканалары жана бейтапканалары 1-январдан 9-январга чейин кандай иштейт? ГрафикРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылоонун көлөмү боюнча тарыхый чекке жеттиКазакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка» өткөрүү пункту 30-декабрда ишин убактылуу токтотот30-декабрь: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болот
Манас шаарындагы эс алуу багында мушташкан 17 жаран милицияга жеткирилди
19.09.2025 | 11:24

Социалдык тармактарда Манас шаарында топ жаштардын мушташы тууралуу видео тарады. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБ расмий маалымат берди.
Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы «Токтогул» эс алуу багында болгон. Той учурунда мушташ чыгып, чакан баш аламандык орун алган.
Факт ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Териштирүүнүн жүрүшүндө 17 жаран милицияга жеткирилген.
Бирок жарандар бири-бирине доо арызы жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.