КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырды
Манас шаарындагы эс алуу багында мушташкан 17 жаран милицияга жеткирилди
19.09.2025 | 11:24

Социалдык тармактарда Манас шаарында топ жаштардын мушташы тууралуу видео тарады. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБ расмий маалымат берди.
Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы «Токтогул» эс алуу багында болгон. Той учурунда мушташ чыгып, чакан баш аламандык орун алган.
Факт ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Териштирүүнүн жүрүшүндө 17 жаран милицияга жеткирилген.
Бирок жарандар бири-бирине доо арызы жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.