Кыргызстан Экинчи глобалдык мектептик тамак-аш саммитине катышты

20.09.2025 | 10:03

18-19-сентябрында Бразилиянын Форталеза шаарында School Food Coalition жана эл аралык өнөктөштөр уюштурган Экинчи глобалдык мектептик тамак-аш саммити өтүүдө.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага министрлер, эл аралык уюмдардын жетекчилери, каржы институттарынын, илимий борборлордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстандын атынан Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирбек Рахматилдеев катышып, өлкөдөгү акыркы реформаларды тааныштырды. Ал 2023-жылы «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга мектеп тамагын ар бир баланын укугу катары бекиткен норма кошулганын, ал эми 2024-жылы өкмөттүн №532 токтому менен бул талапты бардык башталгыч мектептерде ишке ашыруунун негиздери аныкталганын белгиледи.

Саммиттин негизги максаты – билим берүүнү өнүктүрүү, ден соолукту жана социалдык коргоону жакшыртуу, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаны бөлүшүү аркылуу мектептик тамактанууну кеңейтүү болуп саналат.

Scroll to Top