Кытай экономикалык үстөмдүктөн коопсуздук маселелерине активдүү катышууга өтүүдө«Браво, Кыргызстан!»: Көчмөндөр оюндарынын ачылышы тууралуу социалдык тармактарда эмнелерди жазып жатышатМинистрлер кабинетинин төрагасы Кырчында «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасын ачтыОш менен Лахор шаарлары туугандык байланыштарды орнотуу боюнча меморандум түзүштүОбъективде — илбирс менен аюу: Нарында Кызыл китепке кирген жаныбарлар эсепке алынуудаУлуттук банк компаниялар жана жеке ишкерлер аркылуу накталай акча алууну көзөмөлдөөнү катаалдаштырууну сунуштады
Кичинекей балаңыз барбы? Аны бала бакчага кантип каттоо керектиги боюнча көрсөтмө
20.09.2025 | 10:00
Кыргызстандыктар көп учурда балдарын мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарына узун кезекке байланыштуу киргизе албай калышат. Себеби ата-энелер эмне кылуу керек экенин билбей, түз эле бала бакчага бара беришет.
Азыркы тапта Кыргызстанда баланы бала бакчага каттоо үчүн электрондук кезек системасы иштөөдө. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, арызды бала төрөлгөн күндөн тарта бере баштаса болот. Бала бакчалар балдарды 3 жаштан баштап кабыл алышат. Бул үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына катталуу керек:
- Балага ким экениңизди көрсөтүңүз:
- Ата
- Эне;
- Мыйзамдуу өкүл (бул пунктту тандагандан кийин тиешелүү документти тиркөө керек).
- Ата-эне же мыйзамдуу өкүл тууралуу маалымат:
- Жарандыгы;
- Идентификациялык жеке номери (ИЖН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
- Уюлдук телефондун номери;
- Электрондук почта;
- Жеңилдик бар/жок экендиги (бар болсо, тиешелүү документти тиркөө талап кылынат).
- Бала тууралуу маалымат:
- Идентификациялык жеке номери (ИЖН), толук аты-жөнү, туулган жылы, баланын жынысы;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы жана номери;
- Окууга жеңилдик бар/жок экендиги (бар болсо, тиешелүү документти тиркөө талап кылынат).
- Бала бакчаны тандоо:
- Окутуунун тили;
- Арыз ээси каалаган бала бакчаны тандай алат.
- Арызды жиберүүдөн мурун толтурулган маалыматты текшерүү керек:
- Арызды жөнөтүүдөн мурун бардык маалыматтардын тууралыгын тактоо керек;
- Арыз ырасталгандан кийин электрондук почтага арыз ийгиликтүү кабыл алынганы тууралуу билдирүү келет.
Бардык кадамдар бүткөндөн кийин мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси арызды текшерип чыгат. Эгер арыз жактырылса, бала балдар бакчасына кабыл алынат.
Рубрики: Коом