Мамкызматкерлер коомдук унаа жүрүүгө милдеттендирилиши мүмкүн

Бишкектеги мамлекеттик кызматкерлердин ишке жеке автоунаа менен келүүсүнө чектөө киргизүү сунушталды. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, мындай чара шаардагы тыгындарды азайтууга өбөлгө түзөт. «Мэрия бул демилгени баштады, эми башка мамлекеттик органдар да кошулушу керек. Бажы, салык жана башка кызматтар баштаса, калгандары да колдойт. Антпесе, биз тыгын маселесин чече албайбыз», — деди депутат.
Мисал катары ал Бажы кызматынын унаалары 10-кичи райондун тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева мекеменин аймагын чоңойтуу жана унаа токтотуучу жай куруу пландалып жатканын айтып, «Бул маселе көзөмөлдө, аны чечебиз» деп ишендирди.