Садыр Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сөз сүйлөдү

Өлкө башчы Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан глобалдык климат боюнча күн тартибинин алкагында өз милдеттенмелерин так аткарууга умтуларын баса белгиледи. Анын айтымында, климаттык милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча өткөн жумада документ кабыл алынган. Ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү, анын ичинде, гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштады.
Садыр Жапаров мындан тышкары каражаттары экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлорго жумшала турган Климаттык трасттык фонд түзүлүп жатканын айтып берди. Буга байланыштуу ал инвесторлорду биздин “жашыл” долбоорлорубузга инвестиция салууга чакырды.
Ошону менен бирге президент тоолуу экосистемалар, анын ичинде мөңгүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен барган сайын олуттуу терс таасирлерге дуушар болуп жатканын билдирип, өлкөлөрдү “Климат, тоолор жана мөңгүлөр тууралуу” декларацияга кошулууга жана Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциянын алкагындагы Тоолуу өлкөлөрдүн сүйлөшүү тобунун мүчөсү болууга чакырды.