Фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн «i-Dyikan» платформасы ишке киргизилетТөө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилдиКамчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кетиши боюнча билдирүү жасады11-февраль: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт
Балыкчыдагы жаңы орнотулган чырактар сынып түшө баштады
25.09.2025 | 13:00
Балыкчы шаарынын кире беришине орнотулган жаңы түнкү чырактар эмитеден сынып түшө баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Reporter.kg’ге билдиришти.
Алардын айтымында, чырактар бир ай мурун орнотулган, бирок дээрлик бардык жарыктандыруучу лампалары бошоп, айрымдары зымдарга илинип, кээ бири жерде жатат.
«Бул чырактарга миллиондогон сом сарпталган, бирок алар пластикадан жасалыптыр, эмитеден бузула башташты. Максимум бир жылдын ичинде саргарып кетишет», — деп билдирди видеодо жергиликтүү тургун.
Эске сала кетсек, мындай чырактар Бишкек шаарындагы Айтматов проспектисинин Түштүк магистралдан жогору жагына жолду оңдоп, кеңейтүүдөн кийин орнотулган. Бул чырактар Балыкчы шаарынын кире беришинде да пайда болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом