Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Манас шаарында жол четиндеги гүлдөр талкаланган факты териштирилүүдө
25.09.2025 | 15:20

Манас шаарында санаторияга бара жаткан жолдун четине отургузулган гүлдөр белгисиз адамдар тарабынан талкаланды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук жайдагы мындай көрүнүш шаардын көркүнө гана эмес, тургундардын маданиятына жана жоопкерчилигине да көлөкө түшүрөт.
– «Ар бир түп гүл – Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлеринин түйшүктүү эмгеги, ал биздин салыктардан жыйналган каражатка өстүрүлөт», – деп белгилешти мэриядан.
Милиция бул фактыны Жалал-Абад шаардык милициясынын электрондук каттоо журналына киргизгенин жана учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.