Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
«Жалган» милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды
25.09.2025 | 16:21

Ички иштер министрлиги алдамчылыкка шектелген «жалган» милиция кызматкери кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, О.Н. аттуу жаран ИИМге кайрылып, өзүн «милициянын майору» катары тааныштырып, 2024-жылдан бери Кореядан унаа алып келип берем деп акчасын алдап алган адамга чара көрүүнү суранган.
Арыздануучу акчасын кайтарып берүүнү талап кылганда, шектүү ага дене жараатын келтирип, интим сүрөттөрүн жайылтуу менен коркуткан.
Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында 1983-жылы туулган М.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.