Парламент өзүн-өзү таратып, өлкөнүн келечеги үчүн кадам таштады — төрага

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышы өзүн-өзү таратуу тууралуу тарыхый чечим кабыл алды. Тиешелүү токтом долбоору кабыл алынып, андан соң төрага Нурланбек Тургунбек уулу элге кайрылуу жасап, бул кадамдын эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу парламенттин өзүнүн демилгеси менен кабыл алынган чечим экенин билдирди.
“1994 жана 2007-жылдары парламенттер ошол кездеги президенттердин жарлыктары менен, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен мөөнөтүнөн мурда таратылган. Ал эми азыркы Конституцияда президенттин парламентти таратуу укугу каралган эмес. Андыктан бул чечим — парламенттин өзүнүн чечими. Бул кадамга эч кандай тышкы күчтөр, президент же министрлер Кабинетинин аралашуусу болгон жок”, — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Төрага мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын, өлкөнүн туруктуулугун жана өнүгүүсүн биринчи орунга коюп, парламентти таратуу демилгесин көтөргөн жана колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирди. “Жеке кызыкчылыгыбызды ойлосок, дагы бир жыл иштөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Бирок депутаттар мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюп,ушундай чечимге келди”, — деп белгиледи ал.

Ошол эле учурда бул чечимди сындагандар бар экенин белгилеп, өлкөнүн келечегин ойлогон ар бир адам демилгени колдой турганын кошумчалады. Төрага Жогорку Кеңештин VII чакырылышы төрт жыл ичинде көптөгөн маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алганын айтты. Алардын ичинде чек ара маселелери такталып, коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралар такталган. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу макулдашуулар ратификацияланган.
Ошондой эле“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам жана аймактык-административдик реформаларга байланыштуу мыйзам долбоорлору кабыл алынган.
Мындан тышкары, Совет доорундагы репрессиялардын курмандыктары болгон аталарды актоо боюнча атайын мыйзам кабыл алынганы да белгиленди.А лдыдагы шайлоого да токтолуп, ар бир жарандын мыйзамда каралган укугуна ылайык катышууга укуктуу экенин белгиледи.
Мындан сырткары шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүүгө бардык күч жумшаларын айтты. “Талапкерге президент, төрага же генерал эмес, эл гана бата берип, мандат берет. Бир талапкерди сүрүп же бут тосуу болбошу керек. Бүгүнкү бийлик таза, адилет шайлоону камсыз кылууга умтулат”, — деди төрага.
Ал талапкерлерди кара пиарга жол бербөөгө, бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды.