20-январда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган Ноокат районунун үч тургуну 9-13-март күндөрү эки каттам менен учуп келишкен. Бул тууралуу reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлады.
“Эки каттам менен жалпысынан Ноокат районунан146 адам учуп келген. Коронавирус жуктурганы аныкталган адамдардын экөө Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургуну, бири аял жана эркек киши болгон, ал эми экинчиси 40 жаштар чамасындагы Зулпуев айыл аймагынын тургуну болгон”, — деди ал.
Азыркы тапта райондун аймагындагы Токтогул Сатылганов атындагы жатак мектептин жатаканысын бошотуп, кичи ажылыктан келген бардык адамдарды обсерваторияга жаткырууга даярдык көрүлүп жатканын кошумчалады маалымат булагыбыз.