Бишкекте Сирия жана Ирактан балдарды репатриациялоо маселеси боюнча конференция өтүүдө

Бишкекте 29-30-сентябрь күндөрү Сирия жана Ирактан балдарды репатриациялоо маселеси боюнча аймактык конференция өтүүдө. Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле иш-чарага репатриация маселелери, психосоциалдык колдоо көрсөтүү, балдардын билим алуусун камсыздоо жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын делегациялары, ошондой эле Евробиримдиктин, АКШнын өкүлдөрү жана балдарды коргоо боюнча эл аралык эксперттер катышууда.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдан бери 1,6 миңден ашуун бала Борбор Азияга кайтарылган. Алардын көбү жаңжал болгон аймактарда төрөлүп-өсүп, жашоодо ар кандай олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушкан.
2021-жылы өлкө башчы Садыр Жапаров Ирак жана Сирия лагерлеринде жүргөн жарандарды тарыхый мекенине кайтаруу чечимин кабыл алган. Бактыбек Бекболотовдун айтымында, бул чечим репатриация боюнча бүтүндөй кампаниянын башталышына түрткү болгон.
Ошентип, 2021-жылдын мартында Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы менен «Мээрим» деп аталган биринчи миссия ишке ашырылган. Анда Кыргызстандын жарандары болгон 81 бала Ирактан кайтарылган.
2022-жылдан 2024-жылга чейин «Айкөл» операциясынын алты этабынын алкагында Сириядагы лагерлерден Кыргызстанга 460 адам (145 аял жана 315 бала) кайтарылган, кошумча Сирия жана Түркиядан 2024-2025-жылдары дагы 10 аял жана балдар кайтарылган. Жалпысынан 551 адам репатриацияланган.
Коопсуздук кеңешинин катчысы өз сөзүндө согуштук жаңжалдар болгон аймактардан жарандарды кайтаруу биринчи кезекте гуманитардык миссия экенин, ал мекенинен алыста калган миңдеген жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга багытталганын баса белгилеген. Бул миссия миңдеген балдарга жакындарынын жана туугандарынын курчоосунда толук кандуу жана кадимкидей жашоо баштоого мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.