АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду
30.09.2025 | 12:54

2025-жылдын 24-сентябрында Министрлер кабинети токтом кабыл алып, жарандар үчүн Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу ишке киргизилди.
Кызматтын шарттары:
- Бирдиктүү идентификациялоо тутумунда катталуу;
- Электрондук медициналык документтерге ээ болуу (12 айдан ашпашы керек);
- Фотоидентификациядан өтүү;
- Онлайн арыз толтуруу («Алмаштыруу» же «Жоготуу учурунда калыбына келтирүү»);
- Почта аркылуу жеткирүү дарегин көрсөтүү (зарыл болсо);
- Төлөмдү QR-код менен жүргүзүү.
Даяр болуу жана жеткирүү:
- Даярдоо мөөнөтү: 1–2 иш күнү;
- Статусту «Түндүк» тиркемесинде көзөмөлдөө;
- Жаңы күбөлүктү почта аркылуу же бөлүмдөн алуу.
Күчүнө кирүү: Токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом