Бишкекте «Яндекс Goнун» өнөктөштөрүнүн биринчи футболдук турниринин жеңүүчүсү аныкталды
Кубоктун ээси болуш үчүн, курамында айдоочулар, курьерлер, таксопарк ээлеринен турган 16 команда ат салышты.
Бишкектин «Дастан» аянтында «Яндекс Go» сервисинин өнөктөштөрү катышкан ышкыбоздордун биринчи футболдук турнири спорттук майрамдын жана достуктун маанайында өттү. Кубокту утуу укугун адилеттүү күрөштө далилдеш үчүн талаага 16 команда чыгып, ат салышты. Турнир спорттук чеберчиликти, чыдамкайлыкты жана бекемдикти көрсөтүү үчүн аянтча гана болбостон, жандуу баарлашууга жана жаңы тааныштарды табууга шарт түздү.
«Футбол – бул баардыгынын оюну, биз атайылап команданын курамына чектөө киргизген жокпуз: оюнчулар өздөрү каалагандай команда түзүштү. Турнирге сервистин бардык өкүлдөрү – Такси, Тамак-аш, Жеткирүү катышты. Биз өнөктөштөр эс алып, баарлашып жана команданын духун жумуштан сырткары сезүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү чечтик. Балким, биздин футболдук турнир жыл сайын салтка айланган оюн болуп кетиши мүмкүн», – деп билдирди иш-чаранын ачылышында «Яндекс Кыргызстандын» жетекчиси Тилек Сулайманов.
Футбол боюнча мелдешке ышкыбоздор гана катышууга уруксат берилген. Алардын көбү бала кезинен бери топ тээп чоңоюп, азыр да бош убактысында ойноп жүргөндөр. Айрымдары узак жылдарга айланган тыныгуудан кийин оюнга эми кайтып келишкендер.
«Биринчи таксопаркынын» дарбазачысы Курсанбек Матмусаев студент кезинен бери футболго кызыгып, ойноп жүргөнүн айтты.
«Мен өзүмдүн факультетим үчүн жана бүт университет үчүн ойночум. Бирок окууну бүтөөрүм менен баары токтоп калды — жумуш, камкордук. Көптөн бери машыга да элек болчум. Турнир жарыяланганда: «мен дарбазачы элем го» деп ойлодум. Акырындык менен даярдана баштадым, бардык өнөрүмдү эстеп, бүгүн талаага чыктым», – дейт айдоочу. – Бүгүн бизде сонун иш-чара болуп жатат, ал адамдарды бириктирет. Анткени, футбол бул командалык оюн. Бул жерде жеке күрөшүүчүлөр жок жана биримдик абдан маанилүү ролду аткарат. Мындай мелдештерди көбүрөөк өтүп турушун каалайт элек».
Командалардын ортосундагы курч беттешүулөр бир күн бою улантылды. Финалдык ышкырыктан кийин калыс Фирдавс Ризоевдин айтымында, калыстар тобу акырына чейин ким финалга чыгаарын биле алышкан эмес. Чечүүчү беттеш баарынан кызыктуу болду. Эсеп 7:3 болуп Өрүкзардын пайдасына чечилди. «Ак жол» экинчи, ал эми «Алмурут» үчүнчү орунду ээледи.
«Оюн абдан курч өттү. Командалар күчтүү жана мыкты даярдыкта болушту. Ошондуктан бизге жеңиш оңой келе калган жок. Бул кубокту кармап туруу ушунчалык азыр жагымдуу болуп жатат. Менин эмоциям ашып-ташып жатат. Баары жогору деңгээлде болду! Бул оюнду уюштурган «Яндекске» рахмат. Биз дагы жаңы беттешүүлөрдү чыдамсыздык менен күтөбүз», – дейт турнирден шыктануу алган капитаны Мамат уулу Акылбек.
«Өрүкзардын» оюнчусу Сатарбек уулу Нурсултан мыкты дарбазачы, ал эми «Ак жолдун» оюнчусу Таир уулу Тимур эң көп гол киргизген чабуулчу аталды.