Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди он бир пайыз деңгээлинде сактадыДүйнөлү банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун андан ары каржылоого даярКыргызстан жана Түштүк Корея акылдуу айылдардын технологиясын киргизүү жана ирригацияны модернизациялоо боюнча макулдашты27-январь: Айрым аймактарга кар жаайтКыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледи
Бишкектеги Ауэзов көчөсү алты тилкелүү жолго айланат
30.09.2025 | 19:22

Вице-мэр Рамиз Алиевдин айтымында, 2026-жылы борбор калаада ири жол куруу долбоорлору башталат.
Анын ичинде Ауэзов көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Жайыл Баатыр көчөсүнө чейин алты тилкелүү жолго айландырылат. «Бул жолду чыгыш айланма деп атайбыз. Ал жаңы жүк ташуучу жол катары кызмат кылат», — деди Алиев.
Мындан тышкары, вице-мэр Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги, ошондой эле Шабдан Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөктөрдүн курулушу келерки жылы башталат деп кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом