Жалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттандыАймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алдыИнновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды
Бишкектеги Ауэзов көчөсү алты тилкелүү жолго айланат
30.09.2025 | 19:22

Вице-мэр Рамиз Алиевдин айтымында, 2026-жылы борбор калаада ири жол куруу долбоорлору башталат.
Анын ичинде Ауэзов көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Жайыл Баатыр көчөсүнө чейин алты тилкелүү жолго айландырылат. «Бул жолду чыгыш айланма деп атайбыз. Ал жаңы жүк ташуучу жол катары кызмат кылат», — деди Алиев.
Мындан тышкары, вице-мэр Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги, ошондой эле Шабдан Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөктөрдүн курулушу келерки жылы башталат деп кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом