БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Садыр Жапаров: Ар бир округдан үчтөн талапкер шайланса, үчүнчү орун аялдардыкы
30.09.2025 | 22:07

Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда депутаттык шайлоодо аялдарга берилүүчү квота тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, учурдагы мыйзам боюнча ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келе турган болсо, үчүнчү орун аялдардыкы. Президент мындай система жана шарттар бир да өлкөдө жок экенин билдирди.
“Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу. Көрдүңүздөрбү? Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик. Биз аялдарды сыйлаган улутпуз. Биздин улуттан эл башкарган аялдар, мекенин коргогон баатыр кыздар чыккан. Ошол эле адам укугун, аялдардын укугун коргошубуз керек деп кыйкырган өлкөлөрдө аялдар үчүн мындай шарттар жок”,- деп билдирди өлкө башчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат