Бүгүн карылар күнү. Мамлекеттик катчы Карылар күнү менен куттуктады

01.10.2025 | 13:02

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов 1-октябрда белгиленген Карылар күнү менен улуу муунду куттуктап, мамлекеттин пенсионерлерди колдоо жана социалдык коргоо чаралары тууралуу билдирди.

Марат Иманкулов белгилегендей, улуу муунду урматтоо — кыргыз элинин эзелтен калыптанган салты. Ошондой эле, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар индексацияланат: 50 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн коэффициент 10 пайызга жогорулайт, бирок 600 сомдон кем болбойт. Натыйжада бардык пенсионерлердин пенсиясы 7 миң 100 сомдон төмөн болбойт.

Мамлекеттик катчы улуу муундун активдүү жана татыктуу жашоосун камсыздоо максатында социалдык кызматтардын тизмеси кеңейгенин, эс алуу жана көңүл ачуу жайларынын саны көбөйтүлүп жатканын, геронтологиялык жана паллиативдик борборлор курулуп жатканын билдирди.

«Сиздердин өмүр жолуңуздар жана эмгегиңиздер элибиздин бейпил жашоосунун пайдубалы болуп калды. Ден соолугуңуздар бекем, өмүрүңүздөр узун, кадыр-баркыңыздар арта берсин!» — деп куттуктады Марат Иманкулов.

Scroll to Top