Өкмөттө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен фискалдык жана социалдык саясат боюнча сүйлөшүүлөр өттү

30-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда учурдагы фискалдык саясаттын бөлүштүрүүчү натыйжалары, натыйжалуулукту жогорулатуу, жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо маселелери талкууланган. Тараптар ошондой эле социалдык коргоо системасын чыңдоо жана калктын аялуу катмарын колдоо чаралары боюнча сүйлөшүшкөн.
Дүйнөлүк банк пландоону жакшыртуу үчүн айыл аймактарынын жана райондун деңгээлиндеги иштерди жүргүзүүнүн ыкмасын сунуштаган.
Эдил Байсалов Дүйнөлүк банкка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Ал эми Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандагы оң экономикалык көрсөткүчтөрдү жана мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешкен.