АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Муфтий: Аялга кол көтөргөн — өз энесине кол көтөргөнгө барабар
01.10.2025 | 14:48

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров Айсулуунун өлүмүнөн кийин эркектерге кайрылып, аялзатына аяр мамиле кылууга чакырды.
Анын айтымында, ата-бабалар аялзатын ар дайым бийик тутуп, кызды төргө чыгарып, энени таажыдай көтөрүп сыйлашкан.
«Эр-азамат болуу — күч менен мактануу эмес. Эркектин чыныгы күчү өзүн тыя билүүдө, аялзатына аяр мамиле кылууда. Ар бир кызга өз кызыбыздай, ар бир аялга өз энебиздей, ар бир бийкечке өз карындашыбыздай мамиле кылалы», — деди муфтий.
Ал коомду зынаа, бузукулук жана зулумдуктан сактап, үй-бүлөнү адеп-ахлак менен тарбиялоого чакырды.
Муфтийдин айтымында, аялзатына кол салган адамдын акырети караңгы болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом