2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Жоокерликке жол 70 миң сомдон башталат. Коргоо министрлигинин командири кармалды
01.10.2025 | 17:27

УКМК Коргоо министрлигинде коррупциялык схеманы аныктады.
Маалыматка ылайык, аскер бөлүктөрдүн биринин командири Ички иштер министрлигинин Ички аскер бөлүгүнүн кызматкери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жарандарды келишимдик негизде аскердик кызматка чакыруу үчүн 70 миңден 90 миң сомго чейин акча алып турушкан.
Тергөөдө акча жоокерлерди аскерге алууга чейин эле талап кылынганы белгилүү болду. Атүгүл келишим менен кызмат өтөп жаткан аскерлердин бири акчаны төлөө үчүн карыз алууга аргасыз болгонун айткан.
Учурда бригада командири эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ошондой эле бул коррупциялык схеманын башка катышуучулары аныкталып, аларга карата издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.