Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалды
Бишкекте эл аралык «Алтын комуз» айтышы өттү
01.10.2025 | 19:30

30-сентябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда «Алтын комуз» эл аралык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айтышка Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Каракалпакстандан келген акындар катышкан.
Баш байгени Акматбек Султан уулу жеңип алган. 1-орунду Асылбек Маратов, 2-орунду Эркебулан Кулканатов, ал эми 3-орунду Турат Жумаев алган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын маданиятына салым кошуу, төкмө акындарга жана жаштарга мотивация берүү максатында Ниязбек Айбашев 2014-жылдан бери «Алтын комуз» байгесин негиздеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы