Инновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керекКыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыяладыЧүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулат
Бишкекте эл аралык «Алтын комуз» айтышы өттү
01.10.2025 | 19:30

30-сентябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда «Алтын комуз» эл аралык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айтышка Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Каракалпакстандан келген акындар катышкан.
Баш байгени Акматбек Султан уулу жеңип алган. 1-орунду Асылбек Маратов, 2-орунду Эркебулан Кулканатов, ал эми 3-орунду Турат Жумаев алган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын маданиятына салым кошуу, төкмө акындарга жана жаштарга мотивация берүү максатында Ниязбек Айбашев 2014-жылдан бери «Алтын комуз» байгесин негиздеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы