УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышатБишкекте ШКУнун экологиялык мекемелеринин жыйыны башталды
Айсулуунун өлүмү. Шектүү мурда да оор кылмыштар үчүн соттолгон
01.10.2025 | 23:43

Жогорку соттун басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелип кармалган адамдын мурдагы соттолгону боюнча маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, ал буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган:
- 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту аны “Тоноо” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миң сом айып пул төлөттүргөн.
- 2016-жылдын 11-февралында ошол эле сот аны “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” боюнча 12 жылга кескен.
- Бирок 2016-жылдын 12-майында Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, ал “Тоноо” боюнча 6 жылга, “Адам уурдоо” боюнча 3 жылга кесилген.
Жазык кодексине ылайык, кылмыштардын жыйындысы боюнча ага акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 7 жыл эркинен ажыратуу дайындалып, ал жазасын толук өтөгөн.