«Арис» долбоорлорун ишке ашырууда суммаларды жогорулатып көрсөткөн ишкер кармалды
Чүй облусунда укук коргоо кызматкерлери тарабынан «Арис» фонду каржылаган суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен ишкер кармалды. Бул тууралуу облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

“Суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган, 2022-жылы Васильевка (азыркы учурда А.Сыдыков атындагы) айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.С. менен Консорциумдун директору ААК «У» + ЖЧК «А» С.Т.нын ортосунда Аламүдүн районунун Виноградный айылындагы суу түтүктөрүн реабилитациялоо долбоору боюнча 45,9 миллион сомдон ашык суммага келишим түзүлүп, иш аяктагандан кийин көрсөтүлгөн суммага аткарылган иштерди кабыл алуу актына кол коюлуп, өткөрүлүп берилген. Бирок тергөө иштеринин жүрүшүндө аткарылган иштердин көлөмү 895 миң сомго жогорулатылганы жана АРИСтин техникалык көзөмөл бөлүмү жана айыл өкмөтү тарабынан каршылыксыз кабыл алынганы аныкталган”,- деп айтылат маалыматта.
Ушул сыяктуу факты Ак-Дөбө айылында (азыркы Достук айыл өкмөтү) долбоорду ишке ашырууда да аныкталган. 2023-жылы аталган айыл өкмөттүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Д. менен «У» ААКнын директору С.Т.нын ортосунда 25 миллион сомдон ашык суммага келишим түзүлгөн. Андан кийин 25,08 млн сомго аткарылган иштерди кабыл алуу актысына кол коюлуп, анда 410 миң сомго ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталган.
Бул фактылар боюнча Аламүдүн РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иштерин козгогон. 73 жаштагы ААКнын башкы директор С.Т., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.