«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керекКыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыяладыЧүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулатКыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — Маматалиев
Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду
02.10.2025 | 10:33

Бүгүн, 2-октябрда саат 6:43тө Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Аталган институттун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу 20 чакырым тереңдикте, Жетим-Бел кырка тоосунда жайгашкан. Ал Кажы-Сай айылынан 52 чакырым түштүк-чыгышты, Каракол шаарынан 115 чакырым түштүк-батышты көздөй болгон.
Сейсмологдордун айтымында, жер титирөө Кыргызстандын калктуу аймактарында сезилген эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар