Изделүүдө! Ошто 12 жаштагы кызы менен үйүнөн чыгып кеткен аял дайынсыз болууда

Ошто 41 жаштагы аял 12 жаштагы кызы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон 2 айга жакын убакыттан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрда Кара-Суу райондук милицияга Кара-Суу шаарынын 63 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал үстүбүздөгү жылдын 7-августтунда 41 жаштагы кызы Абдисатар кызы Назгүл, 12 жаштагы небереси Абдисатар кызы Акмарал менен кошо үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Кийген кийимдери:Абдисатар кызы Назгүлдүн үстүндө көк түстөгү көйнөк, көк түстөгү шым. Абдисатар кызы Акмаралдын үстүндө жашыл түстөгү футболка, кара түстөгү, кара түстөгү чолок шым (шорты) болгон.
Өзгөчө белгилери: Абдисатар кызы Назгүлдүн боюнун узундугу 165-170 см, дене түзүлүшү орто, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара түстө. Абдисатар кызы Акмаралдын боюнун узундугу 150-155 см, дене түзүлүшү арык, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара түстө.
Учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө. Ош облустук милициясы жогорудагы жарандардын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдар болсо, төмөнкү номурларга кабарлап коюуну өтүндү. Тел.: 03222 5-31-19, 0558 824880, 0707 630003.