«Мурас-Ордо» конушунда жаңы сейил бак ачылды
Бишкектин Биринчи Май районундагы «Мурас-Ордо» конушунун жашоочулары үчүн жаңы сейил бак пайдаланууга берилди.
Мэриянын маалыматын ылайык, салтанатка мэрдин орун басары Азамат Кадыров, райондун башчысы Улан Сарылбек уулу, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Эрмек Арымбаев, конуштун аксакалы Калыгул уулу Табылды жана жергиликтүү тургундар катышты.
Сейил бактын өзгөчөлүктөрү:
- Аянты 1,12 гектар
- Жөө жүрүү жолдору
- Кичи футбол аянтчасы
- Балдар жана спорт аянтчалары
- Жайкы сахна жана арена
- Гүлзарлар жана жашылдандыруу
- Автоматтык сугат системасы, заманбап жарыктандыруу
- Коопсуздук үчүн видеокөзөмөл камералары
Долбоорду «Билдинг центр Вертекс» ЖЧКсы иштеп чыгып, башкы подрядчы катары «Би Эм Ассист» ЖЧКсы ишке ашырган.
Ачылыш аземи конуштун 20 жылдык мааракесине туш келип, тургундарга Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Динара Акулова, Алтынай Нарбаева, Кайрат Примбердиев жана «Семетей» ансамбли концерт тартуулашты. Ошондой эле жаштар арасында футбол, аркан тартыш жана элдик оюндар боюнча мелдештер өттү.