Садыр Жапаров Ош шаарында «Булак» спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплексин ачты

05.10.2025 | 14:31

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Булак» спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы меймандар менен кыскача саламдашкандан кийин символикалык түрдө комплекстин боосун чечип, расмий түрдө ишке берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президентке спортчулар үчүн түзүлгөн шарттар көрсөтүлдү. Атап айтканда, олимпиадалык үлгүдөгү сүзүүчү бассейн, заманбап фитнес-зона, ошондой эле эс алуу жана калыбына келүү үчүн атайын бөлмөлөр менен тааныштырылды.

Маалым болгондой, «Булак» комплекси мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору катары курулган. Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктаган.

Долбоордун жалпы наркы 202 миллион сомду түздү.

Scroll to Top