Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Ош шаарында жаңы эс алуу багы ачылды: Барпы Алыкулов атындагы парк колдонууга берилди
05.10.2025 | 16:20

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы иш-чаранын башында символикалык боону чечип, жаңы паркка расмий түрдө старт берди. Андан соң ал аймактын көрктөндүрүлүшү жана шаар тургундары үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан парк 26 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктады.
Бул жер буга чейин кароосуз калган аймак болгон. Эми болсо жаңы паркта воркаут-зона, балдар аянтчасы, мини-футбол талаасы, унаа токтотуучу жай жана башка ыңгайлуу шарттар бар.