Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Ат-Башыдагы Таш-Рабат кербен сарайы реставрацияланып баштады
06.10.2025 | 12:00

Ат-Башыдагы Таш-Рабат кербен сарайынын реставрациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги билдирди.
Бузулуу коркунучунда турган тарыхый жайды оңдоп-түзөөгө “Кыргызреставрация” илим-изилдөө долбоорлоо институту тендер жарыялап, аны “Түштүк курулуш сервис” компаниясы утуп алган.
Министрликтин маалыматына караганда, азыр тарыхый жайда иштер башталган жана министрликтин өкүлдөрү барып, анын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды беришти.
Таш-Рабат кербен сарайы республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинде турат. Ал акыркы жолу 1970–80-жылдары реставрацияланган жана 2024-жылдан тартып министрликтин карамагында.