Таластын ички жолдоруна асфальт төшөө уланууда

06.10.2025 | 21:16

Талас облусуна караштуу Арашан айылында ички жолдун 4 чакырымдык бөлүгүнө асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун алкагында тротуар куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол белгилерин коюу жана жол чийиндерин тартуу иштери да каралган. учурда объектте 24 атайын техника жана 35 кызматкер иш алып барууда.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында арашан айылынын тургундары менен жолугушкан.

Анда жергиликтүү тургундар ички жолдордун абалы боюнча көйгөйлөрүн билдиришкен. Министр алардын өтүнүчүн эске алып, жол тилкесин министрликтин балансында болбосо да пландуу иштердин тизмесине киргизүү жана капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөө менен бир тараптуу тротуар куруу тапшырмасын берген.

Scroll to Top