Бишкекте №60 «Баластан» бала бакчасы жаңыланып ачылды

07.10.2025 | 17:55

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев оңдоп-түзөөдөн өткөн №60 «Баластан» бала бакчасынын ачылыш аземине катышты.

Мэр өз сөзүндө балдарга сапаттуу билим жана тарбия берүү үчүн шаардагы билим берүү мекемелерин жаңылоо иштери улантылып жатканын белгиледи.

«Акыркы эки жылда 20 бала бакча курулду, анын 12си конуштарда жайгашкан. Максат — борбордо да, конуштарда да бирдей шарт түзүү», — деди Джунушалиев.

Эки кабаттуу имарат 140 орунга ылайыкташып, жылма керебеттер менен 280 бала кабыл алат. Аянты — 1363 чарчы метр, аймагы — 0,4 гектар.

Капиталдык оңдоодо имарат толугу менен жаңыртылып, медициналык кабинет, ашкана, актовый зал, оюн жана уктоочу бөлмөлөр, ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары уюштурулду.

Оңдоо иштерин «Бийик КЖ» ЖЧКсы аткарган.

Имарат 1982-жылы курулуп, мурда дыйканчылык институтунун лабораториясы катары колдонулган. 2024-жылдын 1-ноябрында расмий түрдө бала бакчага өткөрүлүп, толук оңдоодон өткөн.

Scroll to Top