Кыргызстанда «Жусуп» аттуу тарыхый-драмалык тасма тартылат

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган «Жусуп» аттуу тарыхый-драмалык толук метраждуу көркөм фильмди тартууга даярдыктар башталды.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы долбоорду өндүрүшкө жиберди.
Тасмада Абдрахмановдун татаал тагдыры, анын улуттук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдөгү чечүүчү ролу жана ошол доордогу коомдук-саясий кырдаал чагылдырылат.
«Бул фильм — улуттук тарыхтын маанилүү барактарын элге эскертип, жаңы муунга мекенчилдик рухун жеткирүүгө арналган», — деп белгилешти министрликтен.
Фильмдин режиссёру — Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев.
Учурда ролдорго кастинг жүргүзүү жана тасманы тартууга жерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Тасманын айрым эпизоддору Москвада, Санкт-Петербургда, Ташкентте жана Кыргызстандын бир нече аймагында тартылмакчы.
Фильмдин бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленип, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдык мааракесине арналат.