Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Кадыр Маликов: Исламда эмдөөгө тыюу салынбайт, тескеринче керек деп эсептелинет
08.10.2025 | 10:12

Белгилүү теолог Кадыр Маликов ислам дининде эмдөөгө уруксат гана берилбестен, ал керек деп эсептелинерин билдирди. Бул тууралуу ал Reporter.kg’ге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эмдөө алуу же албоо ар бир адамдын өз тандоосу, бирок исламга шылтоолоп же жүйө келтирип, эмдөөгө каршы чыгып жаткандар тынчсыздандырат. Маликов жыл сайын өзү да, үй-бүлөсү да КРВИге (курч респиратордук вирустук инфекцияларга) каршы эмдөө алыша турганын, ал эми эмделбеген адамдар чоң тобокелчиликке кабыларын билдирди. Ошондой эле ал ислам менен илим дайыма чогуу жүрөрүн айтып, эмдөө албаган адамдарды исламды шылтоо кылбоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом