Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери жолукту
08.10.2025 | 11:19

6-октябрда Азербайжандын Габала шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн, анын ичинде Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстанга болгон расмий сапарын жана анын Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына катышуусун канааттануу менен белгилешкен.
Ошону менен бирге, эки тараптуу мамилелердин жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн азыркы абалы жана мындан аркы келечеги тууралуу пикир алмашышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат