Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Манас шаарында 15 жаштагы кыз ымыркайын эшиктин алдына таштап кетти
09.10.2025 | 14:28

Кечээ, 8-октябрда саат 14:40 чамасында, Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигинин алдына жаңы төрөлгөн ымыркай ташталгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Манас ШИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барып, табылган ымыркайды Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө өткөрүп берген. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү ошол эле күнү саат 17:00 чамасында аныкталган.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, ымыркайын таштаган өспүрүм кыз 15 жашта. Учурда Манас ШИИБде тергөө амалдары уланууда.