Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Транспорт министрлиги айдоочуларды дөңгөлөктөрдү алмаштырууга чакырат
13.10.2025 | 14:55

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга кайрылып, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну сунуштады.
Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 13-октябрга карата өлкө аймагындагы негизги трассалар жана тоолуу ашуулар ачык. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурда жолдорду тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Учурда министрлик тарабынан 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата техникаларды даярдоо жана инерттик материалдарды топтоо иштери уланууда.
«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыгууну пландап жаткандар унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну унутпоо керек», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом