Шератондогу жаңжал: Сот Зарина Воинова жана анын бир тууганы боюнча өкүм чыгарды

14.10.2025 | 09:15

Кечээ Шератондогу жаңжал боюнча сот чечими чыкты. Сот Зарина Воинованы жана анын бир тууганын күнөөлүү деп тапты.

Өкүмгө ылайык, Заринанын бир тууганы Абдрешов үч жылга эркинен ажыратылып, бирок пробациялык көзөмөл менен жазасын өтөйт. Ал эми Зарина Воиновага 50 миң сом айып пул салынды.

Жактоочунун айтымында, сот Воинованын эки кичинекей баласы бар экенин эске алып, жумшак жаза чарасын колдонгон.

Жабырлануучулар — блогер Алина Жакыпова (“Бегемот кыз” деген ысым менен таанымал) жана жаңжалдын башка катышуучулары — өкүмгө канааттангандыктарын билдиришти.

Scroll to Top