Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Жаш балдарга жана аялдарга карата жасалган оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү каралган Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоор Президенттик администрация тарабынан иштелип чыккан.
Анда 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган Кыргызстандын Конституциясынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү каралган:
“Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес.
Өлүм жазасы балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн гана мыйзам менен белгилениши мүмкүн.”
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан сактоону жана коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 29-сентябрында 17 жаштагы Айсулуу Мукашева эркек киши тарабынан зордукталып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 41 жаштагы А.А.К. кармалган.
Бул үрөй учурган окуя коомдо чоң резонанс жараткан. Өлкө башчы Садыр Жапаров дагы үн катып, жаш балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап. өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тарткан ченем киргизүү тапшырмасын бергенин билдирген.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2007-жылы өлүм жазасын алып салган (акыркы жолу өкүм 1998-жылы аткарылган). Ал эми 2010-жылдын декабрь айында өлүм жазасын жоюуга багытталган Эл аралык жарандык жана саясий укуктар пактынын Экинчи Факультативдүү Протоколун кабыл алган.