Бишкекте Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» роман-эпосунун бет ачары өтөтСузак районунда таштанды төгүлгөнү үчүн эки мектепке 34 миң сом айып салындыКыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте шоу-концерт өттүБишкектин үч конушунда 5-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөтКУЭТтин жетекчилиги алмашты: башкы директор жана анын орун басары кызматтан кеттиКыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 6,9%га өстү
Ысык-Көлдө дайынсыз болгон 17 жаштагы кыздын сөөгү Кеминден табылды
30.09.2025 | 10:23
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып, өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Анын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык аймагынан табылды.
Маалыматка караганда, кыз 27-сентябрь күнү түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Жакындары кечинде милицияга кайрылышкан.
Ысык-Көл облустук милициясынын билдиришинче, кылмышка Бишкектин 41 жаштагы тургуну шектелүүдө. Ал кызды зордуктап, кийин өлтүрүп, сөөгүн таштап кеткен деп айтылууда. Шектүү борбор калаада жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүлүп, камакка алынды.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

