Бишкекте мыйзамсыз “Ош сила” лотереясын өткөргөн топ кармалды

УКМК билдиргендей, Бишкек шаарында мыйзамсыз лотерея өткөргөн уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду.
Тергөө маалында бул топ «Ош сила» деген жасалма лотереяны эч кандай уруксат кагазсыз өткөрүп, жарандарды алдоо жолу менен акча тапканын аныкталды. Лотереянын катышуучуларына батир, унаа жана жер сыяктуу кымбат байгелер убада кылынган, бирок жеңүүчүлөр алдын ала дайындалган адамдар болгон.
Натыйжада, бардык байгелер уюштуруучулардын өздөрүндө калган. Бул аркылуу алар элди адаштырып, мыйзамсыз киреше табышкан.
«Ош сила» лотереясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөндө, лотерея билеттерин басып чыгаруучу принтер, барабан, автоунаалар жана тиешелүү документтер табылып, далил катары алынган.
Бул факт боюнча алдамчылык беренеси (КР КЖК 209-берене, 4-бөлүк, 2-пункт) менен кылмыш иши козголду.
Шектүүлөр — К.у.К. жана Б.М.А. кармалып, №21 тергөө абагына киргизилди.
Учурда кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК жарандарды мыйзамсыз лотереяларга ишенбөөгө жана билеттерди сатып албоого чакырат. Кыргызстанда мыйзамдуу лотереяларды мамлекеттик лотерея компаниясы гана уюштура алат.