Кубакы ашуусу аркылуу жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилетКыргызстан менен Грузиянын парламент төрагалары Бишкекте алгачкы жолу жолугуштуӨкмөт айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө киргизилген тыюуну алып салдыБишкекте Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» роман-эпосунун бет ачары өтөтСузак районунда таштанды төгүлгөнү үчүн эки мектепке 34 миң сом айып салындыКыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте шоу-концерт өттү
Президенттин карындашынын колун сураган жигит менен иниси боюнча сот иши жыйынтыкталды
14.10.2025 | 10:51

Сот Автандил Сабырбеков жана анын бир тууганы Тариэл Сабырбековдун иши боюнча өкүм чыгарды.
Маалыматка караганда, Автандил Сабырбеков «Курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Анын бир тууганы Тариэл Сабырбеков болсо «Прокурордун же тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга кесилди.
Бирок экөө тең 2024-жылдын июлунан бери камакта болушкандыктан, сот алардын камактагы убактысын жаза мөөнөтүнө кошуп эсептеп, жаза өтөлдү деп чечим чыгарды.
Ошондой эле сот бир туугандарды «Баңгизат даярдоо жана сатуу» беренеси боюнча актаган.