Кыргызстан БУУнун өлүм жазасын жоюу жөнүндөгү протоколуна кошуулууну артка кайтарууну кароодо

14.10.2025 | 12:16

Кыргызстанда БУУнун өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган протоколуна кошулуу боюнча мыйзамды артка кайтаруу каралууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Баш мыйзамына өлүм жазасын киргизүү каралган мыйзам долбоорунда айтылды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоордо Кыргызстандын 2010-жылдын 16-мартындагы № 52 “1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамы күчүн жоготту деп табуу каралууда.

Ал эми Тышкы иштер министрлигине жогоруда аталган мыйзамдын күчүн жоготкондугу тууралуу грамотаны депозитарий болуп саналган БУУнун Башкы катчысына депонирлөө тапшырылат.

Мыйзам долбоордун баяндамасында айтылгандай, Кыргызстанда балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын, анын ичинде зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурлар көбөйүүдө.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматтарына ылайык:

Өлтүрүү фактылары:

  • 2021-жылы катталганы: 14 жашка чейинки балдар: 2; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 1; аялдар: 36; баардыгы: 39.
  • 2022-жылы катталганы: 14-жашка чейинки балдар: 1; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 1; аялдар: 41; баардыгы: 43.
  • 2023-жылы катталганы: 14-жашка чейинки балдар: 2; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 2; аялдар: 21; баардыгы: 25.
  • 2024-жылы катталганы: 14-жашка чейинки балдар: 5; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 4; аялдар: 34; баардыгы: 43.
  • 2025-жылдын 8 айында катталганы: 14-жашка чейинки балдар: 3; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 4; аялдар: 21; баардыгы: 28.

Зордуктоо фактылары:

  • 2021-жылы катталганы: 14 жашка чейинки балдар: 21; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 47; аялдар: 12; баардыгы: 80.
  • 2022-жылы катталганы: 14-жашка чейинки балдар: 34; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 29; аялдар: 7; баардыгы: 70.
  • 2023-жылы катталганы: 14-жашка чейинки балдар: 44; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 116; аялдар: 15; баардыгы: 175.
  • 2024-жылы катталганы: 14-жашка чейинки балдар: 53; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 35; аялдар: 19; баардыгы: 107.
  • 2025-жылдын 8 айында катталганы: 14-жашка чейинки балдар: 20; 14төн 18 жашка чейинки балдар: 42; аялдар: 19; баардыгы: 81.

“Балдарга жана аялдарга карата зомбулук көрсөтүү жылдан жылга өсүү тенденциясына ээ жана бүгүнкү күндө Кыргызстанда мындай кылмыштардын көбү жашыруун бойдон калууда. Мындай кылмыштарды жарыялоодон корккондуктан, жабыр тарткан балдардын туугандары мындай зомбулук фактысын жашырганга аракет кылып, балдарга орду толгус психологиялык зыян келтиришет. Зордукчулар болсо өздөрүнүн жазасыз калганын сезип, бир канча убакыттан кийин башка балдарга каршы зомбулук аракеттерин жасай беришет.

Көбүнчө укук коргоо органдарынын кызматкерлери педофилдердин кылмыштарын жалпы зордуктоолордун санына кошуп эсепке алышпайт.

Ошол эле учурда массалык маалымат каражаттарында жарыяланган балдарга карата зомбулук, зордуктоо менен коштолгон аялдарды өлтүрүү фактылары көнүмүш болуп баратат, коомду бул таң калтырбайт, ошондуктан бул коркунучтуу. Балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук жасаган ар бир адам бул коомдон тышкары болуп, эң каардуу жана адилеттүү жазага тартыла турган так чекти белгилөөгө убакыт келди”,- деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда жаш балдарга жана аялдарга карата жасалган оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү каралган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоор Президенттик администрация тарабынан иштелип чыккан.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 29-сентябрында 17 жаштагы Айсулуу Мукашева эркек киши тарабынан зордукталып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 41 жаштагы А.А.К. кармалган.

Бул үрөй учурган окуя коомдо чоң резонанс жараткан. Өлкө башчы Садыр Жапаров дагы үн катып, жаш балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап. өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тарткан ченем киргизүү тапшырмасын бергенин билдирген.

Scroll to Top