Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Электричка жүрөт. Бишкек мэриясы темир жолду шаардын чегинен сыртка чыгаруу идеясынан баш тартты
14.10.2025 | 12:52

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев темир жолду борбордон чыгаруудан баш тартуу чечими кабыл алынганын билдирди.
Мэрдин айтымында, изилдөөлөр жана жумушчу топтордун сунуштарынын негизинде азыркы учурда темир жолду борбордон чыгарууга негиз жана экономикалык зарылдык жок.
Кошумча, шаардык бийлик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча альтернативдүү сунуштар алынып жатканын белгиледи, мисалы, шаардык электр поезддерин ишке киргизүү.
Эскерте кетсек, өткөн жылы мэрия Кытайдын China Road компаниясы менен темир жолду шаардын четине чыгаруу боюнча меморандум түзгөн. Ошондо түндүк айланма жолунун боюнда жаңы линия курулушу, эки шакек жол жана ылдам автожол пландалган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом