Шарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкуулады

Бишкекте эл аралык адистер, муниципалдык кызматтардын жетекчилери, ЖКККББнын кызматкерлери жана шаар мэри Айбек Жунушалиев борбордогу унаа тыгынынын көйгөйлөрүн талкуулашты.
Жолугушууда учурдагы транспорттук системанын абалы, тыгындардын себептери боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жана бул маселени чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.
Мындан тышкары, коомдук транспортту өнүктүрүү, шаардык электричканы жана трамвай линияларын ишке киргизүү маселелери да каралды.
Журналисттердин “унаалардын кыймылын мамлекеттик номердин жуп жана так санына жараша чектөө” демилгеси тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Айбек Жунушалиев мындай деди:
“Алгач шаар бийлиги айдоочулар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүшү керек — токтотуучу жайлар, жаңы жолдор жана транспорттук айланмалар курулушу зарыл. Эгер бул иштерден кийин да тыгын маселеси чечилбесе, анда мурда сунушталган чектөөлөрдү киргизүүгө туура келет”, — деди мэр.